Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-марты № 5-4
Т.Балтагулов жайыт комитетине техника сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатн бөлүү жөнүндө
Т.Балтагулов Айылдык кенеши “АРИС”тин долбоорунун негизинде, 25% өздүк салымдын эсебинде жайыт комитетине атайын техника сатып алуу максатында Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “АРИС”тин ПРЖР-2 долбоорунун негизинде, 25% өздүк салымдын эсебинде жайыт комитетине атайын техника сатып алуу максатында жергиликтүү бюджеттен 3112-беренесинен 780,0 акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы М.Парпиевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www. alabuka.kg сайтына жарыялансын.
Айылдык кеңештин төрагасы
| С.Акназаров |