Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-марты № 5-5
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренеснинин талабына ылайык, жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну, пайдаланууну камсыз кылуу максатында Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Балтагулов айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде ган жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүндө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык, өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды бирип туруусуна милдетүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруулусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүүлүсү каралсын.
7. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www. alabuka.kg сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айыл аймагынын башчысы М.Парпиевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы
| С.Акназаров |