Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-марты № 5-7
Жайыт комитетинин ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын таприфин бекитүү жөнүндө
Айыл аймагынын жалпы чогулушунда кабыл алынган ички тартип эрежелери кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү максатында Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ички жайытка мал көчүү 1-майынан 30-майына чейин, алыскы жайытка көчүү 20 майынан 10-июнга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мөөнөттө бекитилсин.
2. 2017-жылдын 1-майынан баштап дыйкан чарбалардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин.
3.Корук уюштурууга айыл өкмөтү тарабынан көмөк көрсөтүлсүн.
4.Бардык айылдарда 2017-жылдын 1-майынан баштап бада уюштурулуп, бадага субай у алып калууга тыюу салынсын.
5.Ички жайыттагы сарай ээлерине 1 ат, 1-2 саан уй, 4 кой эчкиден мал алып калууга уруксат берилсин.
6.2017-жылдын 1-майынан баштап дыйкан чарбалардын үлүш жерлерине корук уюштурулгандыгына байланыштуу, мал ээлерине короосундагы малга көзөмөл күчөтүлсүн.
7.Камакка түшкөн малга түрүнө карабастан 500 сомдон айып салынсын. Жазгы айдап- себүү, күзгү оруп жыйноо иштерине кызмат көрсөтүү акыларынын тарифи бекитилсин.
8. Айыл тургундары үй тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калгандарга, жайыттарга көчүү, кону эрежерин жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга айыл өкмөтүнүн уставынын 11-беренесинин 1,2-пункттары жана Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин 17-бөлүмүнүн 185, 186, 193-беренелерине ылайык жоопко тартылары эскертилсин.
9.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www. alabuka.kg сайтына жарыялансын.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы М.Темировго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы
| С.Акназаров |