Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-апрели № 6-1
Т.Балтагулов айылдык аймагындагы таза суу долбоорун экинчи этабын баштоо жөнүндө
Айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап, депутаттардын сунушунун жыйынтыгы менен Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Балтагулов айыл аймагынын таза суу долбоорунун экинчи этабын баштоого жалпы суммасы 750,0 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. “Ызар тунук суу” эсебинен 571158 сом акча каражатын ажыратып берүү жагы А.Нарбаевге сунушталсын.
3. Айыл аймактын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 179,0 мин сом акча каражатын ажыратып берүү жагы М.Парпиевге сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүнн.
5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www. alabuka.kg сайтына жарыялансын.
Айылдык кеңештин төрагасы | С.Акназаров |