Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июну № 9-1
Айылдык аймагына караштуу Кара-Батыр участкасындагы № 225 контрундагы 31,0 га жер аянтын, турак жай категориясына которуу жөнүндө
Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл элинин жер участогуна болгон муктаждыгын чечүү максатында Кара-Батыр участкасындагы № 225 контрундагы 31,0 га жер аянтын, турак жай категориясына которуу үчүн айылдык аймагынын 2016-жылдын 21-январындагы АКТсы, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак- аш, өнөр жай жана милиорация министрлиги, Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорло институту “КЫРГЫЗМАМЖЕР ДОЛБООР” институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгашгтыруу экспедициясынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 248 катын жана Республикалык топрук-агрохимиялык станциясынын 2017-жылдын 20-январындагы № 26 корутундусун угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Батыр участкасындагы № 225 контрундагы 31,0 га жер аянтын, турак жай категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким С.А.Акпаралиевден айылдыку аймагына караштуу Ызар жана Кош-Алмурут айылынын тургундарынын там арка курууга жер участокторгно муктаждыктарын чечүү үчүн Кара-Батыр участкасындагы № 225 контрундагы 31,0 га жер аянтын, турак жай категориясына которуп берүү жагы суралсын.
3. Тийиштүү иш кагаздарды даярдоо жагы айылдык аймактын жер адиси А.Багышбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин муниципалдык мүлк, айыл чарбасы жана экологиясы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүнн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www. alabuka.kg сайтына жарыялансын.
Айылдык кеңештин төрагасы
| С.Акназаров |