Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 12-1
Айыл аймагынын 2018-2021-жылдарга экономикалык өнүгүү программасы жөнүндө
Айылдык аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу З.Усеновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын 2018-2021-жылдарга экономикалык өнүгүү программасынын долбоору жактырылсын жана бекитилсин.
2. 2018-2021-жылдарга карата айылдардын экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышын камсыз кылуу айыл аймагынын башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кенештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүнн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www. alabuka.kg сайтына жарыялансын.
Айылдык кеңештин төрагасы
| С.Акназаров |