Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 12-2
Келте айылынын тургундарынын кайрылуусун депутат Б.Сыдыков тааныштырып, угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келте айылына караштуу эски мал короонун жанындагы 0,20 га жер аянтына спорт комплексин куруу үчүн даярдалган долбоорду Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна тапшыруу жагы сунушталсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарды даярдоо жагы Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна долбоорду тапшыру жагы айылдык кенештин депутаты Б.Сыдыковго жана айылдык аймагынын инвестиция тартуу боюнча башкы адиси И.Юлдашевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кенештин мүлк, айыл чарбасы, жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүнн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www. alabuka.kg сайтына жарыялансын.
Айылдык кеңештин төрагасы
| С.Акназаров |