Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-январы № 1
Айыл аймагынын 2018-жылдын бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын киреше,чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясынын,биринчи маселеси боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы Дуулатовдун билдирүүсү менен айыл кеңешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагынын 2018өжылдын бюджетинин киреше бөлүгү 13856200(он үч миллион сегиз жүз элүү алты миң эки жүз) сом, атайын төлөм каражатынын киреше бөлүгү 1680000 ( бир миллион алты жүз сексен миң) сом эсебинде бекитилсин
2. Айыл аймагынын 2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү 13856200 (он үч миллион сегиз жүз элүү алты миң эки жүз) сом эсебинде бекитилсин
3. токтом www alabuka.kgвеб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмотүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы
| С.Акназаров |