Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-февралы №1
Кош-Терек айылына куруучу балдар бакчасынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын,биринчи маселеси боюнча айыл Кеңешинин депутаты Б.Ызабековдун билдирүүсү менен айыл кеңешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Терек айылына куруучу балдар бакчасынын долбоордук табыштамасы райондук өнүктүрүү фондуна тапшырылсын.
2. Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук иш кагаздары тапшыруу жагы Кош-Терек айылынын айыл башчысы Б,Сулайманкуловго жүктөлсүн.
3. токтом www alabuka.kgвеб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
| С.Акназаров |