Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-февралы № 2
Кош-Алмурут айылына куруучу спорт залдын долбооруна бекитүү жөнүндө.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын,экинчи маселеси боюнча айыл Кеңешинин депутаты Ч.Сарыбаевдин билдирүүсү менен айыл кеңешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. М.Сарыбаев атындагы орто мектебинин аятчасынан 0.08га жер аянтына спорт залын куруу үчүн жер аянты ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
2. Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук иш кагаздары тапшыруу жагы айыл кеңешинин депутаты Ч.Сарыбаевге жүктөлсүн.
3. токтом www alabuka.kgвеб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмотүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |