Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-майы № 4
Баймак айылынын тургуну К.Ташматованын арызын кароо жөнүндө
Баймак айылынын тургуну К.Ташматовага Кескен таш участогундагы Баймак бажыканасынын жанындагы бош жаткан жерден 0.015 га жер аянты бир жылдык мөөнөт менен соода сатык үчүн жазган арызын угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык Кеңеши төмөнкңдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баймак Бажыканасынын жанындагы бош жаткан 0.015га жер аянтына соода сатык үчүн бир жылдык мөөнөт менен берүүгө макулдук берилсин. Иш кагаздарын даярдап берүү жагы айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковга жүктөлсүн
2. Токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин W W W gamsumo.gov веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясыны жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |