Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-июлу № 2
Баймак бажы авто унаалар үчүн токтотулуучу жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясынын,экинчи маселеси боюнча авто унаалар үчүн токтоочу ( стоянка) үчүн Баймак бажы постунан жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө айыл кеңешинин депутаты Э.Атабаевдин кайрылуусу менен айыл кеңешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баймак бажы постуна авто унаалар үчүн токтотуучу жер аянтын ажырытып берилсин жана ал жердин тазалыгын сактоо көзөмөлгө алуу жагы Э.Атабаевге милдеттендирилсин.
2. 20сом бир күнгө бир авто ажыратылган жер аянты токтогондугу үчүн,түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн счетуна төгүү жагы Э.Атабаевге жүктөлсүн.
3. Токтом www alabuka.kgвеб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмотүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |