Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-июлу № 3
Ызар айылынын тургуну Жаналиев Исмандын кайрылуусун кароо жөнүндө.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясынын,үчүнчү маселеси боюнча айыл кеңешинин төрагасы С.Акназаров кайрылуу менен айыл кеңешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ызар айылынын тургуну Жаналиев Исманга баласын дарылатуусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10000(он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин .
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10000(он миң) сом акча каражаты ажыратылып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтом www alabuka.kgвеб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмотүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |