Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-июлу № 2
Т.Балтагулов айылдык аймагынын мал чарбасын жана базарларды өнүктүрүү долбооруна сунушталган долбоорду жактыруу жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагындагы айылдарда откөрүлгөн жыйындардын жыйынтыгы менен айыл чарба техникасын, 2 даана боз үй, кой кыркуучу шаймандарды сатып алуу, ветаптека куруу долбоорлору приоритеттүү деп айыл башчыларынын берпген маалыматына таянып Т.Балтагулов айыл Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Балтагулов айылдык аймагы боюнча айыл чарба техникасын, 2 даана боз үй, кой кыркуучу шаймандарды сатып алуу, ветаптека куруу долбоорлору жактырылсын.
2. . Т.Балтагулов айылдык аймагынын мал чарбасын жана базарларды өнүктүрүү долбооруна сунушталсын.
3. Токтом www alabuka.kgвеб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмотүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмотүнүн башчысы Б.Сыдыковго жана каржы маселеле боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |