Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-июлу № 2
Т.Балтагулов айылдык аймагынын шайлоо участкаларынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын,экинчи маселеси боюнча айылдык аймагынын өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Аракеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айыл Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. № 2270 Ызар, № 2271 Баймак, № 2272 Кашкалак, № 2370 Кош-Терек шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жактырылсын.
2. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн бекитип берүү жагы Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын
3. Токтом www alabuka.kgвеб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмотүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмотүнүн жооптуу катчысы К.Аракеевге жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |