Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы № 2
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 3013-беренесин, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №12-р буйругу менен бекитилген КРнын жазык кодексин , КРнын Жоруктар жөнүндө кодексин , КР нын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө” “Мунапыс” берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, Т.Балтагулов айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Балтагулов айылдык аймактык Буузулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Буузулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Т.Балтагулов айылдык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн.
Ашымбек уулу Бектур-Айылдык кенештин депутаты
Мулукбаев М.Ж- Кашкалак айылынын айыл башчысы,
Усенов З.Ж- айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
Нармырзаев. Н- Ызар АМБ нун башчысы
Бургобаев К- Келте айылынын аксакалдар сотунун төрагасы.
Токторбаев А.К.-Ызар тазалык МИ жетекчиси
Байдулдаева Н- аялдар кенешинин төраймы
Торокулов Б. М –СПА башчысы
Баймырзаев А.Б.- Баймак айылынын айыл башчысы.
3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |