Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2019-жылдын 31-январы № 3
Кош-Терек айылынын тургуну Кутманов Равшанбектин кайрылуу катын кароо жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясынын үчүнчү маселелеси боюнча айылдык Кенешинин төрагасы С.Акназаров Кош-Терек айылынын тургуну Кутманов Равшанбектин кайрылуусу менен айыл Кенешинин депутатарын тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Терек айылынын тургуну Кутманов Равшанбек көп жылдан бери жүрөк оорусу ооруп, жүрөккө операция жасатуусуна акча каражатын жетишсиздигинен материалдык колдоо үчүн Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүүбюджетинин эсебинен 10000(он мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 10000(он мин) сом акча каражаты ажыратылып берүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |