Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы № 4
Кош-Алмурут айылынын тургундарынын кайрылуу катын кароо жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясынын тортунчу маселелеси боюнча айылдык Кенешинин төрагасы С.Акназаров Кош-Алмурут айылынын тургундарынын кайрылуусу менен айыл Кенешинин депутатарын тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Алмурут айылынын тургуну маркум Мамытов Иманбек айылдын социалдык-экономикалык өсүүсүнө кошкон салым жана айыл тургундарынын кайрылуусун эске алып Кош-Алмурут айылындагы асфальт жолдон Курманбаев Баялы көчөсүнө чейинки көчөгө маркум Мамытов Иманбектин аты берилсин
2. Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтү тарабынан көчөнүн чек аралары тактап берүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Көчөнүн тазалыгына жана керектүү материалдар менен камсыздоо жагы маркумдун туугандарына милдеттендирилсин.
4. Токтом www alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |