Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-февралы № 3
Ызар айылынын тургуну Шадибеков Эгембердинин арызын кароо жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын үчүнчү маселелеси боюнча айылдык Кенешинин төрагасы С.Акназаров Ызар айылынын тургуну Э.Шадибековдун арызын менен айыл Кенешинин депутатарын тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ызар айылынын тургуну Шадибеков Эгембердинин кызы Мансуров Каныгул Эгембердиевнага Индия мамлекетине барып боорун алмаштыруусуна акча каражатын жетишсиздигинен материалдык колдоо үчүн Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 15000(он беш мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 15000(он беш мин) сом акча каражаты ажыратылып берилуу жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковга жүктөлсүн.
3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |