Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-февралы № 4
Кош-Алмурут айылынын тургуну Абдукаримова Бактыкандын арызын кароо жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясынын маселелеси боюнча айылдык Кенешинин төрагасы С.Акназаров Кош-Алмурут айылынын тургуну Абдукаримова Бактыкандын арызын менен айыл Кенешинин депутатарын тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Алмурут айылынын тургуну Абдукаримова бактыкандын турмуш шарты оор жана үй-бүлөсүндөбалдары жаш болгондуктан материалдык колдоо үчүн Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүүбюджетинин эсебинен 3000(уч мин) сом акча каражаты ажыратылып берилмин.
2. Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүүбюджетинин эсебинен 3000(уч мин) сом акча каражаты ажыратылып берүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковга жүктөлсүн.
3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |