Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы № 1
Т.Балтагулов айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз III сессиясынын биринчи маселелеси боюнча айылдык аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Т.Тагаевдин билдируусун угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Балтагулов айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Т.Балтагулов айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын бюджетин аткарууда кетирген кемчиликтерди жоюу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Тагаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |