Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы № 3
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин негизинде 2019-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүнК-3 зоналдык коэффицентинин тармак боюнча өлчөмүнун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин негизинде 2019-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүнК-3 зоналдык коэффицентинин тармак боюнча өлчөмүн кароо бекитүү жөнүндө маселелерди угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кенешишин кезексиз III сссиясы .
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Балтагулов айылдык аймагында зоналдык К-3 коэффицентинин тармактар боюнча 0.3 тон 1.2 чейинки олчомдору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кенешинин “Т.Балтагулов айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин негизинде 2019-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүнК-3 зоналдык коэффицентинин тармак боюнча өлчөмүн бекитүү жөнүндө”токтомун райондук “Айыл акыйкаты” гезитине жарыялансын жана жарыялаган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ага салык инспектору Г.Мавляновго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |