Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 1
Ызар айылындагы спорт комплесинин жер аянтына мини футбол аянтчасын куруу долбоору жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын биринчи маселелеси боюнча Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу З.Усеновдун кайрылуусу менен айыл Кенешинин депутатарын тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ызар айылындагы спорт комплексинин жер аянтына мини футбол аянтчасын куруу долбоору Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу З.Усеновго долбоорду тактап жана тийиштуу жерге өз убагында өткөрүү жагы жүктөлсүн.
3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |