Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-арпели № 2
Айылдык аймагынын айылдык тургундарына турак жай куруу үчүн 148.12 га жерди трансформациядан чыгаруу жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын экинчи маселелеси боюнча айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу З.Усеновдун кайрылуусу менен айыл Кенешинин депутатарын тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймагынын айылдын тургундарына турак жай куруу үчүн 148.12(бир жуз кырк сегиз,он эки)га жери трансформациядан чыгарууга тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
2. Айыл тургундарына турак жай куруу үчүн 148.12(бир жуз кырк сегиз,он эки)га жерди тактап берүү жана тийиштуу жерге жөнөтүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |