Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 3
Келте айылынын тургуну Абдурасулов Омурбектин арызын кароо жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын үчүнчү маселелеси боюнча айылдык аймагынын Кенешинин төрагасы С.Акназаров Келте айылынын тургуну Абдурасулов Омурбектин арызы менен айыл Кенешинин депутатарын тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келте, айылынын тургуну Абдурасулов Омурбектин кызы Абдурасулова Ширин 2016-жылдан бери онкологиялык ооруу менен жабыркайт. Оорууну кайтаруу узун убакыт талап кылат, учурда химиялык терапияга материалдык жардамга муктаж болгондуктан материалдык колдоо үчүн Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин 1% резерв фондунун эсебинен 6000(алты мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин .
2. Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин 1% резерв фондунун эсебинен 6000(алты мин) сом акча каражаты ажыратылып берүү жагы айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковга жүктөлсүн .
3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |