Редакцияот 10.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Т.Балтагулов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2019-жылдын 10-апрели № 4

Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын түзүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 3013-беренесин, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №12-р буйругу менен бекитилген КРнын жазык кодексин , КРнын Жоруктар жөнүндө кодексин , КР нын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө” “Мунапыс” берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, Т.Балтагулов айылдык Кенеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Балтагулов айылдык аймактык Буузулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Буузулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Т.Балтагулов айылдык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн.

 Давлятова Б -Айылдык кенештин депутаты

 Касымбеков П- айылдык аймагынын башкы адиси

Токторбаев А- Ызар Тазалык МИ жетекчиси

 Мулукбаев М.Ж- Кашкалак айылынын айыл башчысы,

 Баймырзаев А.Б.- Баймак айылынын айыл башчысы

 Садыков А –Келте айылынын айыл башчысы.

Надиров Н – Кажар айылынын айыл башчысы

Торокулов Б. М –“Сулайман Суу”СПА башчысы

 Сулайманкулов Б- Кош-Терек айылынынайыл башчысы

3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.

 

Т.Балтагулов айылдык аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы

 

 

С.Акназаров