Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 6
Кош-Алмурут айылындагы К.Бектемиров атындагы борбордук көчөсүнө асфальт төшөө долбоору жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясынын алтынчы маселелеси боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу З.Усеновдун кайрылуусу менен айыл кенешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап, Т.Балтагулов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Алмурут айылындагы К.Бектемиров атындагы борбордук көчөсүнө асфальт төшөө долбоору Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Долбоорду тактап жана тийиштуу жерге өз убагында өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу З.Усеновго жүктөлсүн
4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Балтагулов айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Бекиевага жүктөлсүн.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |