Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-январы № 4
Кош-Терек айылына 90 орундуу балдар бакчасынын экинчи этап курулуш иштер боюнча долбоорун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясынын төртүнчү маселеси боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Дуулатовдун билдирүүсү менен тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешишин кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Терек айылына 90 орундуу балдар бакчасынын курулуш иштеринин экинчи этабын баштоо боюнча долбоору бекитилсин
2.Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна Кош-Терек айылына 90 орундуу балдар бакчасынын курулуш иштеринин экинчи этабын баштоо боюнча долбоорун тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Дуулатовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика,каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Т.Балтагулов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
|
С.Акназаров |