Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 1
Таза суу муниципалдык ишкана жөнүндө.
Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Бекиева таза суу муниципалдык ишканасынын директору М.Ботобековдун кайрылуусу менен тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешишин кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Терек, Ызар, Кош-Алмурут, Баймак айылдарына тартылган линиялардагы таза сууну көзөмөлдөөгө ар бир айылдан бирден жумушчу алууга макулдук берилсин.
2.Таза суу линияларын көзөмөлдөөгө алынган жумушчулардын эмгек акыларын чечип берүү жагы таза суу ишкананын директору М.Ботобековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4.. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары
|
Бекиева М. |