Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 6
Айыл аймагындагы шайлоо участокторун бекитүү жөнүндө.
Айылдык өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Аракеевдин айыл аймагындагы шайлоо участкалары өтүүчү жайлар жөнүндөгү билдирүүсү менен тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешишин кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагына караштуу №2272 Кашкалак шайлоо участкасы Кашкалак маданиятүйүнүн имаратына,№2438 Келте шайлоо участкасы Р.Кулуев атындагы орто мектебинин имаратына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. №2272 Кашкалак шайлоо участкасы Кашкалак маданият үйүнүн имаратына,№2438 Келте шайлоо участкасы Р.Кулуев атындагы орто мектебинин имаратына өткөрүү үчүн бекитип берүү жагы Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4.. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары
|
Бекиева М. |