Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-октябры № 1
Кош-Терек айылына караштуу жаңы курулган 90 орундуу балдар бакчасына” Ак-Шоола” деген наам берүү жөнүндө.
Т.Балтагулов айылдык кеңешишин кезектеги III сессиясынын биринчи маселеси боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Дуулатовдун билдирүүсү менен тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Терек айылына караштуу жаңы курулган 90 орундуу балдар бакчасына” Ак-Шоола” деген наам берилсин.
2. Кош-Терек айылына караштуу жаңы курулган 90 орундуу балдар бакчасына тиешелүү иш кагаздарын тактоо жана даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Дуулатовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн
4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары
|
Бекиева М. |