Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-январы № 3
Толук айыл аймагынын 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги II сессиясы
Токтом кылат
1.Толук айыл аймагынын 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактап чыгуу үчүн коомчулуктун өкүлдөрү менен бирдикте кеңейтилген курамда төмөндөгүдөй комиссия түзүлсүн
Иманалиева С – төрайым
Жуматаев А.—мүчө
Раманкулов Т—мүчө
Аманов А—мүчө
Дүйшеев.А—мүчө
Курманбаева Ж—мүчө
Курманбаев А. Аксакалдар соту —мүчө
Ажалиев К. Коомчулуктун өкүлү —мүчө
Жалгапов М. Коомчулуктун өкүлү —мүчө
Жээналиев С. Коомчулуктун өкүлү —мүчө
Турдукеев Ж. Коомчулуктун өкүлү —мүчө болуп шайлансын.
2. Түзүлгөн комиссия мүчөлөрү менен 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн 15 жумушчу күндүн ичинде тактап чыгышсын.
3. 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткарылышынын иш кагаздарын өз убагында камсыз кылуусу ФЭБ башчы У.Сарыказаковко милдеттендирилсин.
4. Сессияга маалыматтарды даядап берүү жагы комиссиянын төрайымы С.Иманалиевага милдеттендирилсин.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.Ажалиев |