Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 2
“Эски сарайлардын ордундагы жерлердин баасы, Көчүп-конуу, айдап себүү, сырттан мал алып келип биздин жайытка баккандар жөнүндө”
Эски сарайлардын ордундагы жерлердин баасын, көчүп-конуу, айдап себүү, сырттан мал алып келип биздин жайытка баккандарды талкуулап Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Э.Аралбаев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат
1. Эски сарайлардын ордундагы жерлердин баасы сотугуна 100 сомдон белгиленсин.
2. Көчүп-конуу, айдап себүү элдик жыйындын токтому менен белгиленсин. (токтом тиркелет).
3. Сырттан мал алып келип биздин жайытка баккандарга эки эселенип, бодо малга 180 сомдон, жандык малга 36 сом жайыт салыгы алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жана жайыт комитетинин төрагасы З.Дүйшеевке милдеттендирилсин.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.Ажалиев |