Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 1
“Ортолуктагы 32,0 га жер аянтына турак жай куруу жөнүндө”
Ортолуктагы 32,0 га жер аянтына турак жай курууну талкуулап Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Э.Аралбаев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
Токтом кылат
1. Толук айыл аймагына караштуу Ыштык участогундагы ортолуктагы 10,0 га жер аянтын, Чоң-Дөбө участогундагы АКФнын 22,0 га жер аянтын жалпы 32,0 га жер аянты турак жай куруу үчүн берилсин.
2. Жер аянтынын контурун тактап, аныктап берүү жагы архитектура, шаар куруу башкармалыгынан жана Мамкаттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.Ажалиев |