Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 2
“Токтогул районунун атайын эсебинен бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө”
Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-кечүү айылынын Атайын эсебинен бөлүнгөн талкуулап Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Э.Аралбаев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
Токтом кылат
1. Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-кечүү айылынын Атайын эсебинен бөлүнгөн 1 030 000 (бир миллион отуз миң) сом акча каражаты Толук айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.
2. Кириштелген акча каражатынан 480 000 (төрт жүз сексен миң) сом акча каражаты Ноот айылынын таза суу курулушуна бөлүнүп берилсин.
3. Алмалуу айлынын таза суусуна резуар куруу үчүн 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Ноот айылынын Кеңешбек көчөсүнүн таза суу курулушуна 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Акча каражатын өз убагында бөлүп берүү жагы ФЭБ башчы У.Сарыказаковго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.Ажалиев |