Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-июну № 1
“Ноот айылындагы ашар жолу менен башталып бүтбөй калган таза суу курулушу жөнүндө”
Ноот айылындагы ашар жолу менен башталып бүтбөй калган таза суу курулушун улантууну талкуулап Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Э.Аралбаев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
Токтом кылат
1. Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-кечүү айылынын Атайын эсебинен бөлүнгөн 480 000 (төрт жүз сексен миң) сом акча каражаты Ноот айылындагы ашар жолу менен башталып бүтбөй калган таза суу курулушун улантуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын сметанын негизинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү укуктук-ченемдик актылардыналкагында сарптоо жагы “Толук таза суу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Ү.Мырзакуловко тапшырылсын.
3. Акча каражатын өз убагында бөлүп берүү жагы ФЭБ башчы У.Сарыказаковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы М.Насырынбековко милдеттендирилсин.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.Ажалиев |