Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-августу № 1
“Толук айыл айыл өкмөтүнө “КАМАЗ” автоунасын алуу жөнүндө”
Толук айыл айыл өкмөтүнө “КАМАЗ” автоунасын алууну талкуулап Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Э.Аралбаев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
Токтом кылат
1. Толук айыл аймагына теңдөөчү гранттын эсебинен бөлүнгөн 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражаты Толук айыл айыл өкмөтүнүн башчысы Насырынбеков Мирбектин сунушунун негизинде Толук айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.
2. Толук айыл аймагынын жалпы элинин муктаждыгын аткаруу максатында 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражаты Толук айыл айыл өкмөтүнө “КАМАЗ” автоунасын алуу үчүн жумшалсын.
3. Акча каражатын өз убагында бөлүп берүү жагы ФЭБ башчы У.Сарыказаковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.Ажалиев |