Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 2
Т.Аралбаев атындагы айылдык оорукананын башкы дарыгери Бектурсун Ажыбаевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” ардактуу наамы менен сыйлоого жөнүндө
Т.Аралбаев атындагы айылдык оорукананын башкы дарыгери Бектурсун Ажыбаевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” ардактуу наамы менен сыйлоо боюнча талкуулап Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги XIII сессиясы
Токтом кылат
1. Т.Аралбаев атындагы айылдык оорукананын башкы дарыгери Бектурсун Ажыбаев “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” ардактуу наамы менен сыйлоого сунушталсын.
2. Б.Ажыбаевдин элдин ден-соолугуна кошкон салымы, алган грамота, сыйлыктары эске алынсын.
3. Токтомдун долбоору Токтогул райондук администрациясынын башчысы аким М.Сатымкуловго сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышы, Б.Ажыбаевдин документтеринин даярдоо жана жөнөтүү айыл өкмөт башчысы М.Насыранбековго милдеттендирилсин.
5. Көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.Ажалиев |