Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-августу № 2
Толук айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Толук айыл аймагынын жергиликтүү бюджети жана салыктарын топтоонун көлөмү боюнча талкуулап Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат
1. Толук айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин салыктардан жана топтоонун көлөмү №1 тиркеменин негизинде 2018-жылга карата 1660,0 миң сом атайын каражатты кошкондо, теңдөө гранты 3428,4 миң жалпы 5088,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Толук айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Толук айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркеменин негизинде 2018-жылга карата 5088,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Биринчи кезекте эмгек акыга, социалдык фондго чегерүүлөргө жана коммуналдык чыгымдарга жумшалаары белгиленсин.
3. 2017-жылдан калган калдык 197,099 сом 2018-жылдын бюджетине кириштелсин.
4. “Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин” 24-беренесине ылайык жылдык бюджеттин көлөмдөрүн 1 пайыз 1660,0 сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
5. Жайыт комитетинин төрагасы З.Дүйшеевдин билдирүүсү эске алынып, Толук айыл аймагынын жайытынын бюджети сметага ылайык 270,09 сом болуп бекитилсин, аткарылышын камсыздоо жагын жайыт комитетинин төрагасы З.Дүйшеевге милдеттендирилсин.
6. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча ар кварталдын жыйынтыгы менен маалымат берип туруу жагы Толук айыл аймагынын айыл өкмөт башчы Н.Орокбаевге жана каржы бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Б.Огонбаевага жүкөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрайымы С.Иманалиевага жүктөлсүн.
8.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтом Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин веб сайтына жарыялансын жана ошол күндөн баштап күчүнө кирет.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.Ажалиев |