Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылы 6-декабры № 2
Толук айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Жобону жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз республикасынын Бузуулар боюнча кодексинин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө краштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018-жылдын № 01-18\126 буйругуна ылайык Толук айыл өкмөтүнүн 30.11.2018-жылдын № 6 сунушунун негизинде, Толук айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссиянын иштөө тартиби жөнүндөгү Жобо жана камиссиянын курамы “өз алдынча башкаруу, депутаттын компетентсиясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, ология, профком, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чыңдоо, боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралап, талкууга алынды.
Жогорудагы туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап Толук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги
XVII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын кортундусуна ылайык, Толук айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын иштөө тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Туруктуу комиссиянын курамы 11 адамдан түзүлсүн, ишин координациялоо үчүн аппараттан шайлансын жана төмөндөгү курам бекитилсин.
Комиссиянын төрагасы: Н. Орокбаева а/о башчы
Катчысы: У.Сарыказаков жооптуу катчы
А.Дүйшеев айылдык кеңештин депутаты – мүчөсү
Т.Эсеналиев айылдык кеңештин депутаты – мүчөсү
Т. Эсенов карыялар Кеңеши – мүчөсү
Э. Сыргабаев ардактуу эс алуучу – мүчөсү
Б. Ажыбаев оорукана башчысы – мүчөсү
С. Каратаев РЭТинин башчысы – мүчөсү
А. Кенжекулова соц адис – мүчөсү
10) Д.Жолдошбеков айыл башчы – мүчөсү
11) Н.Касымбеков ВУС кызмткер – мүчөсү
3. Жогорудагы комиссия өз ишин 2019 – жылдын 1 – январынан баштасын.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.Ажалиев |