Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9–июлу № 1
“Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша боюнча 2020 – жылга долбоору жана 2021 – 2022 – жылдарга божомолу жөнүндө”
Толук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча 2020 – жылга долбоору жана 2021 – 2022 – жылдарга божомолу жөнүндө талкуулап, Э. Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVII сессиясы
Токтом кылат
1. Толук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнөн 2020 – жылга долбоору 5385,6 миң сомго анын ичинен өздүк киреше 1943,3 миң сом, теңдөөчү грант 3437,3 миң сомго, атайын каражаты 5,0 миң бекитилсин.
2. Толук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2021 – жылга долбоору 5252,4 миң сомго анын ичинен өздүк киреше 1953,0 миң сомго, теңдөөчү гран 3294, 4 миң сомго, атайын каражаты 5,0 миң сомго жактырылсын.
3. Толук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин ктреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022 – жылга долбоору 5264,4 миң сомго анын ичинен өздүк киреше 1965,0 миң сомго, теңдөөчү грант 3294,4 миң сомго, атайын каражат 5,0 сомго жактырылсын.
4. Корголгон беренелердин ( эмгек акы, социялдык фондуна чегерүүлөр, дары –дармектер жана көмүр, отун жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгарылышын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр – жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Т.Орокбаевге жана финансы бөлүмүнүн экономика башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Б.Ш.Огонбаевага жүктөлсүн.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.Ажалиев |