Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 15-январындагы № 34
жарлыгынын тиркемеси Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерин киргизүү жагынан 2006-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана "ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду жүзөгө ашыруу боюнча Жетектөөчү комитет тууралуу ЖОБО 1. Жалпы жоболор Бул Жобо Кыргыз Республикасынын
Конституциясына, Кыргыз Республи-касынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 373 "Кыргыз Республи-касында финансылоонун жана банк ишинин ислам принциптерин киргизүүнүнПилоттук долбоору жөнүндө"
Жарлыгы менен ратификацияланган "Кыргыз Рес-публикасында банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерин кир-гизүү жагынан Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана"ЭкоБанк" ачык акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүүжөнүндө" Меморандумга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын22-апрелиндеги № 146 "Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызматкөрсөтүү индустриясын киргизүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө"
Жар-лыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 361"Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустрия-сын ишке киргизүү жөнүндө"
токтомуна жана Кыргыз Республикасынын башкаченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасында исламдык фи-нансылык кызмат көрсөтүү индустриясын натыйжалуу ишке киргизүү макса-тында иштелип чыкты. Исламдык банк ишин жана финансылоону киргизүү боюнча жетектөөчүкомитет (мындан ары - Комитет) Кыргыз Республикасында банк ишинин жанафинансылоонун исламдык принциптерин киргизүү жагынан Кыргыз Республика-сынын, Ислам өнүктүрүү банкынын (мындан ары - ИӨБ) жана "ЭкоБанк" ачыкакционердик коомунун (мындан ары - пилоттук долбоордун аткаруу агентти-ги) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду натыйжалуу жанатолук жүзөгө ашыруу, аны ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынанпландаштырылган иш-чараларды координациялоо жана аткарылышын контролдоомаксатында түзүлгөн жумушчу коллегиалдык орган болуп саналат. Комитет өз ишинде колдонуудагы Меморандумду, ушул Жобону жана Кыр-гыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат. 2. Комитеттин максаттары, милдеттери жана функциялары Комитеттин ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасында исламдыкфинансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүүгө, ошондой элеИӨБгө жана Ислам Конференциясы Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн финансылыкинституттары менен инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсө-түү саналат. Комитеттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - аткаруу агенттигинин мисалында Пилоттук долбоордун алкагындаиш-аракеттердин этаптык планын, ошондой эле Кыргыз Республикасында ис-ламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү боюнча су-нуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу, бекитүү жана Кыргыз Рес-публикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринекиргизүү; - Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-дустриясын өз убагында жана сапаттуу ишке киргизүүнү контролдоону уюш-туруу; - Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-дустриясын жана ИӨБгө мүчө өлкөлөрдүн финансылык институттары менен ин-вестициялык өз ара мамилелерди ишке киргизүү боюнча иш-чараларга катыш-кан аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынын ишин координациялоо жана контролдоо. Комитетке төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт: - Меморандумдун алкагында Кыргыз Республикасында исламдык финансы-лык кызмат көрсөтүү индустриясын натыйжалуу жана сарамжалдуу ишке кир-гизүүнү камсыз кылуу үчүн жолдорду жана каражаттарды тандоо; - Меморандумдун максатына жетүү - банк ишинин жана финансылоонунисламдык принциптерин киргизүүгө жана Кыргыз Республикасында исламдыкфинансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн индустриясын курууга жетишүү үчүн за-рыл болгон иш-чараларды аныктоо; - иш-чаралардын түрлөрүн, алардын башталган жана аяктоо даталарынжана иш аяктаганда берилүүчү материалдарды кароочу Кыргыз Республика-сында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын киргизүү боюнчаиш-аракеттердин этаптык планын иштеп чыгуу жана бекитүү; - Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-дустриясы боюнча иш-чаралардын планын аткаруучулардын аткарышынын жүрү-шүнө контролдоо жүргүзүү жана ушул планды аткаруунун жүрүшүнө каратачечимдерди оперативдүү кабыл алуу; - Меморандумду аткаруунун жүрүшүнө баяндаманы аткаруу жана Мемо-рандумдун максаттарына жетүү боюнча иштердин аткарылышы жөнүндө тарап-тарга отчет берүү; - Меморандумду аткаруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасына гранттарбөлүнгөн учурда - грант алуучулар менен аларды төлөө үчүн эсептерин жа-на аларды өздөштүрүү боюнча чыгымдардын статьяларын макулдашуу; - зарыл маалыматтарды алмашуу үчүн байланыштар кызматы; - консультанттарды, эксперттерди, анын ичинде эл аралык уюмдардантартуу; - Меморандумдун ар бир этабын ишке ашыруу боюнча толук иштелгенмакулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Меморандумдун тараптары-нын кароосуна берүү; - алар берген маалыматтардын негизинде аткаруу агенттигинин ишининкүчтүү жана алсыз жактарына талдоо жүргүзүү жана баалоо үчүн эксперт-терди тартуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына зарыл болгон өзгөртүүлөрдүжана аларды иштеп чыгуу артыкчылыктарын аныктоо жана Кыргыз Республика-сында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүүүчүн кабыл алуу; - Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-дустриясын ишке ашыруу максаттары үчүн аткаруу агенттигинин мисалындаПилоттук долбоордун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын, тү-шүндүрмөлөрдүн долбоорлорун Меморандумдун тараптарынын кызыкдар болгонөкүлдөрүн тартуу менен иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын тиешелүүоргандарына бекитүүгө берүү; - салттуу банк иштери жана каржылоо менен катар эле Кыргыз Респуб-ликасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке кирги-зүү үчүн бирдей финансылык жана укуктук чөйрө түзүү максатында кызыкдарболгон мамлекеттик органдардын, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнүнжана эксперттердин (жергиликтүү да, чет өлкөлүк да) катышуусу менен жу-мушчу топторду исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын эле-менттеринин ар бири боюнча түзүү; - Меморандумдун этаптарында жана Кыргыз Республикасында исламдыкфинансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү максатында кабылалынуучу пландарда каралган милдеттердин аткарылышына баалоо жүргүзүүжана Меморандумдун тараптарына аларды аткаруунун натыйжалары жөнүндөотчет берүү; - Бишкек шаарын регион үчүн исламдык финансылык кызмат көрсөтүүборборуна айландыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуштарды даярдоо; - Меморандумдун алкагында аткарылуучу иштердин ар кандай түрү бо-юнча болжолдонуучу сарптоолорго баяндоолорду жана баалоолорду аткаруужана Меморандумдун тараптарына берүү; - Пилоттук долбоор боюнча чыгымдарда тиешелүү үлүштөрдү төлөө жол-жобосу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды Меморандумдун тарап-тарына берүү; - Пилоттук долбоорду ишке ашырууга таасир этиши же тараптардынмилдеттерин аткарууларына кысым көрсөтүшү мүмкүн болгон саясаттагы аркандай өзгөрүүлөр жөнүндө Меморандумдун тараптарына маалымдоо; - Меморандумдун жоболоруна өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун дол-боорлорун иштеп чыгуу жана тараптарынын кароосуна киргизүү. 3. Комитеттин укуктары Комитет өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу: - Комитеттин иши үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды КыргызРеспубликасынын мамлекеттик органдарынан жана башка уюмдарынан белги-ленген тартипте суроого жана алууга; - Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-дустриясын ишке киргизүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жанаИӨБ менен ИКУга мүчө өлкөлөрдүн башка финансылык институттары менен өзара мамилелери боюнча иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө КыргызРеспубликасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана башка уюмдардынжетекчилеринин, жумушчу топтордун жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн от-четторун жана докладдарын өз жыйналыштарында угууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасын-да исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү боюн-ча иш-чараларды аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликкетартуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарга сунуш киргизүүнү кошкондо ушулдолбоорду ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча тиешелүү чара-ларды көрүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасын-да исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүү боюн-ча иш-чараларды аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликкетартуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарга сунуш киргизүүнү кошкондо кый-ла натыйжалуу ишке киргизүү үчүн сунуштарды андан ары даярдоо менен ат-каруу агенттигинин ишинин мисалында Кыргыз Республикасында исламдык фи-нансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүүнүн жана анын ыйга-рым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетинин жүрүшүнө талдоожүргүзүүгө; - Пилоттук долбоордун режиминде исламдык финансылык кызмат көрсө-түү индустриясынын ар бир элементин ишке киргизүүнүн натыйжаларын баа-лоонун негизинде Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көр-сөтүү индустриясын ишке киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын мый-замдарына зарыл өзгөртүүлөрдүн керектигин аларды даярдоонун артыкчылы-гын аныктоого; - Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү ин-дустриясын ишке киргизүү үчүн бирдей финансылык жана укуктук чөйрө тү-зүүгө катышуучу жумушчу топтордун мүчөлөрүн гранттык каражаттардын эсе-бинен сыйлоого. 4. Комитеттин курамы Комитет үч мүчөдөн турат. Ар бир мүчө Меморандумдун ар бир тарабыменен номинацияланат. Комитеттин ар бир мүчөсүн дайындоо жөнүндө чечим Меморандумдун арбир тарабынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынат. Кыргыз Республикасынан Комитет мүчөлөрүнүн жекече курамын дайындоожөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат,андан ары бул курам Жетектөөчү комитеттин сунушу боюнча өзгөртүлүшүмүмкүн. Комитет Меморандумдун тараптарынын өз ара макулдугу боюнча өзүнүнсандык курамын өзгөртүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасы тараптан Комитеттин курамына милдеттүү түрдөбир мүчө кирет, ага Кыргыз Республикасынын субъекттери менен өз арааракеттенүү маселелери жүктөлөт жана дагы бир мүчө кирип, ага ИӨБ жанаИКУга мүчө өлкөлөр менен болгон мамилелердин маселелери жүктөлөт. 5. Комитеттин иштөө тартиби Комитет эгерде ага Комитеттин бардык мүчөлөрү катышса чечим кабылалууга укуктуу. Кыргыз Республикасынан жана "ЭкоБанк" ААКынан Комитеттин ар бирмүчөсү бир добушка ээ. Ислам өнүктүрүү банкынан Комитеттин мүчөсү төртдобушка ээ. Комитеттин чечими кворум болгон шартта Комитеттин мүчөлөрү тарабы-нан бир добуштан кабыл алынат. Комитеттин чечими жыйналыштарды өткөрүүнүн жүрүшүндө да, ошондойэле сурамжылоо жолу менен да кабыл алынышы мүмкүн. Комитетти Комитеттин төрагасы жетектейт. Комитеттин төрагасы Коми-теттин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушу менен шайланат. Комитеттин төрагасы Комитеттин ишин уюштурат жана багыттайт, жый-налыштарда каралууга тийиш болгон маселелерди аныктайт, Комитеттин мү-чөлөрүнө көрсөтмөлөрдү жана тапшырмаларды берет. Комитеттин мүчөлөрү Комитеттин бардык документтерин жана материал-дарын түзүүгө, изилдөөгө жана талкуулоого катышат, ушул тапшырмаларданжана Комитеттин иш планынан келип чыгуучу көрсөтмөлөрдү жана тапшырма-ларды аткарышат. Комитеттин жыйналышы зарылчылыкка жараша, бирок үч айда бир жолу-дан кем эмес жолу өткөрүлөт. Комитеттин төрагасы тарабынан Комитеттин катчысы дайындалат, алКомитеттин мүчөсү болбошу да мүмкүн жана Комитеттин кароосуна коюлуучуматериалдарды даярдоону, жыйналыштарга протокол жазууну, Комитеттин ишижөнүндө отчет даярдоону жүзөгө ашырат. Катчы тарабынан даярдалган материалдар Комитеттин ар бир мүчөсүнөалдын ала таанышуу үчүн тиешелүү жыйналышка чейин эки жумушчу күндөнкечиктирбей берилет, ал эми сурамжылоо жолу менен чечим кабыл алынгандаматериалдар Комитеттин мүчөлөрүнө чечимдерди жыйноо датасына чейин жетикүн мурда Комитет мүчөлөрү менен макулдашылган байланыш каражаты аркы-луу жиберилет. Комитеттин бардык чечимдери Комитеттин жыйналышынын протоколу ме-нен таризделет, аларга Комитеттин төрагасы, катчысы кол коет жана тие-шелүү жыйналышка катышкан бардык Комитет мүчөлөрү тарабынан визаланат.Жогоруда аталган адамдардын бирөөнүн эле колу жок болуп калган учурдаөзгөчө пикири же түшүндүрмөсү (жазуу жүзүндө) берилүүгө тийиш. Комитет кварталына бир жолу аткарган иштери жөнүндө Кыргыз Респуб-ликасынын Премьер-министрине, ал эми зарыл учурда Кыргыз Республикасы-нын Президентине отчет берет. Комитеттин катчылыгынын ишин каржылоо гранттык негизде жүргүзүлүшүмүмкүн. Комитеттин өздүк фирмалык бланкы болот. 6. Корутунду жоболор Комитет мүчөлөрү өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун жүрү-шүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Ишинин ачык-айкындуулугу максатында Комитет дайыма жалпыга маалым-доо каражаттарына аткарган иштерин жана Кыргыз Республикасында исламдыкфинансылык кызмат көрсөтүү индустриясын ишке киргизүүнүн жүрүшүн чагыл-дырып турат. Комитет Меморандум максатына жеткенде же болбосо Меморандумдун та-раптарынын чечимдери боюнча жоюлушу мүмкүн.