Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-марты № 2
“Толук айыл аймагынын салык маселелерин кароо жана шайлоо участкасынын чектерин бекитүү жөнүндө”
Толук айыл аймагынын салык маселелерин кароо жана шайлоо участкасынын чектерин бекитүү жөнүндө карап чыгып Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги XXIV сессиясы
Токтом кылат
1 . ФПСтин жер аянтын кайрадан бөлүштүрүлсүн жана аренда акысы 1га жерге 1000 (миң) сом болуп бекитилсин.
2. Өздөштүрүлгөн жер аянтына 1сотугуна 40 (кырк) сом болуп бекитилсин.
3. Чабындынын жан башынан белгиленгенден ашыкчасы 1 сотугуна 40(кырк) сомдон болсун.
Турак жай куруу үчүн берилген жерден 15 сотуктан ашкан жерге сотугуна 40 (кырк) сом болуп бекитилсин.
4 . Сарай ордуна 100(жүз) сом, калган ээлеген аянтына 1сотугуна 50(элүү) сом болуп белгиленсин.
5. Салыгы төлөнбөгөн баардык категориядагы жерлердин чечими жокко чыгарылып өкмөткө кайтарылып алынсын.
6. Шайлоо участкасынын чек арасы жана кыймылсыз объектилеринин тизмеси, шайлоо комиссиясынын жаңы курамы бекитилсин.
7. Каттодо жок сырттан келген малдардын салыгы, жайыт акысы, 2(эки) эселенип төлөнсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
Т.Ажыбаев |