Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-апрели № 1
“Толук айыл аймагындагы жергиликтүү соода түйүндөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана Толук айылынын бюджетин көтөрүү максатында”
Толук айыл аймагындагы жергиликтүү соода түйүндөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана Толук айылынын бюджетин көтөрүү максатын карап чыгып Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги XXV сессиясы
Токтом кылат
1 Толук айыл аймагындагы жергиликтүү соода түйүндөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана Толук айылынын бюджетин көтөрүү үчүн Толук айыл аймагына сырттан кирген соода кылуучулар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн салык кызматкерине патенттин 4(төрт) эселенген баасын бир айга налог катары төлөсүн.
2. Бул токтомду аткаруу жагы салык кызматкери Г.Тууганбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы |
А.Аманов |