Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-апрели № 2
“Толук айыл аймагындагы көчүп конуу жана бадачылардын мал багуу акысын жөнгө салуу максатында”
Толук айыл аймагындагы көчүп конуу жана бадачылардын мал багуу акысын жөнгө салуу максатын карап чыгып Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги XXV сессиясы
Токтом кылат
1. Көчүп-конуу боюнча күнү жана айып пул төмөндөгүдөй белгиленсин.
1. Жайлоого көчүү 1-майдан 10-майга чейин болсун. 10-майдан нары көчпөгөнгө 10 000 сом айып пулу белгиленсин.
2. Жайлоодон көчүп келүү 10-октябрдан эрте келгендерге 20000 сом айып пул белгиленсин.
3. Чабынды жана айдоо аянтына түшкөн малга.
1. Бодо малга айып пулу 500 сом.
2. Жандык малга айып пулу 100 сом
2. Бадачылардын мал багуу акысы төмөндөгүдөй белгиленсин
1. 1 айга жандык акысы 50 сом болсун.
2. 1 айга бодо мал акысы 300 сом болсун.
3. Бул токтомду аткаруу жана элге маалымат жеткирүү жагы Толук айыл аймагынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Аманов |