Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-апрели № 4
“Толук айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасынын ишин токтотуу максатында”
Толук айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Дүйшеев Зайыр Сыязбековичтин өз милдетин аткарууда кетирген кемчиликтерин жана ишмердүүлүн карап чыгып, Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги XXV сессиясы
Токтом кылат
1. Толук айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Дүйшеев Зайыр Сыязбекович өз милдетин аткарууда кетирген кемчиликтерин жана ишмердүүлүн карап чыгып канааттандырарлык эмес деп белгиленсин. Үч жолу сессияга келбегендиги эске алынсын.
2. Бул токтомду аткаруу жана элге маалымат жеткирүү жагы Толук айыл аймагынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Аманов |