Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну № 1
“Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылга карата түзүлүшү боюнча долбоорун бекитүү жөнүндө”
Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
Токтом кылат
1. Толук айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин салыктардан жана топтоонун көлөмү №1 тиркеменин негизинде 2020-жылга карата 2423,0 миң сом, теңдөөчү гранты 2938,7 миң сом өлчөмүндө алымча кошумчасы менен бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Толук айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Толук айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркеменин негизинде 2020- жылга карата 5566,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Биринчи кезекте эмгек акыга, социалдык фондко чегерүүлөргө жана комуналдык чыгымдарга жумшалаары белгиленсин.
3. Коронавирус илдети боюнча 2020-жылдын өзгөчө кырдаал жарыялангандагы айларда кошумча иштеген алтынчы, дем алыш күндөргө эсептелген эмгек акы 87,0 миң сом, соц фонд 15,0миң сом өлчөмүндө төлөнүп берилери белгиленсин.
4. КР Өкмөтүнүн 27.08.2019-жылдагы №429 токтомунун негизинде Клуб жана библиотека кызматкерлеринин эмгек акыларынын төрт айлык айырма акысы 13,6миң сом соц фонд 2,3миң сом өлчөмүндө төлөнүп берилери белгиленсин.
5. 2019-жылдан калган калдык 458,6 миң сом 2020 – жылдын бюджетине кириштелсин.
6. “Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин” 24-беренесине ылайык жылдык бюджеттин көлөмүнүн бир пайызы 53,6миң сом өлчөмүндө айыл өкмотүнүн резервдик фондусу болуп түзүсүн.
7. Толук айыл аймагынын жайыт бюджети сметага ылайык 285,0миң сом болуп беитилсин.
Аткарылышын көзөмөлдөө жагын жайыт комитетинин төрагасы З.Дүйшеевге милдеттендирилсин.
8. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча ар кварталдын жыйынтыгы менен маалымат берип туруу жагы Толук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн убактылуу аткаруу А.Куракеевге жана каржы бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруу чу Б.Огонбаевага милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлго алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы А. Дүйшеевге жүктөлсүн.
10. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
11. Токтом Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин веб сайтына жарыялансын жана ошол күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Аманов |