Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну № 3
“Толук айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасынын жоопкерчилиги боюнча”
Толук айыл аймагынынын жайыт комитетинин төрагасы бюджет бекитүү үчүн сессияга күн мурун кат жүзүндө, ооз эки чакыруу алгандыгына карабастан жоопкерчиликти сезбей келбегендигине жана шайлоо мөөнөтү өтүп кеткендиги боюнча Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезектеги XXVII сессиясы
Токтом кылат
1. Жайыт комитетинин төрагасы З. Дүйшеев тоготпостук жоопкерчиликти сезбегендигине жана учурда курч көйгөй жаратып жаткан даары чөп (сасыкматал) боюнча эч кандай иш жасабагандыгы үчүн шайлоо мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн курамы жаңыртылсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу А.Куракеевге милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комитети Т. Раманкуловго милдеттендирилсин.
Кеңешинин төрагасы | А.Аманов |