Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-ноябры № 1
“Атайын каражатынын эсебинен каржылоо жөнүндө”
Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын каражатынын эсебинен 2020-жылга 5,0 млн сомду элдин суроо талабы боюнча эң көйгөйлүү маселелерге сунуштоо максатында Э.Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
Токтом кылат
1. Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын каражатынын эсебинен 2020-жылга 5,0 млн сомду элдин суроо талабы боюнча эң көйгөйлүү маселелерге төмөнкүлөргө сунушталсын.
1) Кум Арык канал 1млн. сом
2) Ыштык канал 1млн. сом
3) Молтой канал 1млн. сом
4) Чычырканак таза суу 300 миң сом
5) Ноот таза суу 400 миң сом
6) Алмалуу спорт аянтчасына 800 миң сом
7) Көчөлөргө шагыл төшөөгө 500 миң сом
2. Бул токтом боюнча элге маалымат жеткирүү жагы Толук айыл аймагынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчы Т.Ажыбаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Аманов |