Загрузка документа…
Э.АРАЛБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-ноябры № 2
“Акча каражатын кириштөө жөнүндө”
Акча каражатын кириштөө жөнүндө карап чыгып, Э. Аралбаев атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
Токтом кылат
1. Толук айыл өкмөтүнүн бюджетине пландан ашыкча түшкөн, киреше салыгынан 130,0 миң сом, лицензиядан 140,0 миң сом, жалпысы 270,0 миң сом акча каражаты Толук айыл өкмөтүнүн негизги бюджетине кириштелсин.
2. Пландан ашыкча түшкөн 270,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү муктаждыктарга: 1. Канторага стул алууга 100,0 миң сом, 2. Аппараттын сапар чыгымына 40,0 миң сом, 3. Момуш көчөсүн жарыктандырууга 40,0 миң сом, 4. Токтомамбет көчөсүн жарыктандырууга 40,0 миң сом, 5. Мектептердин иш кагаздарына 20,0 миң сом, 6. Канторанын жанына навес салууга 30,0 миң сом жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Огонбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Аманов |